Сейсмология институтунун маалымдашынча, 21-июнда, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогундагы магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым, Каракол шаарынан 103 чакырым аралыкта катталган. Эл жашаган аймактарда силкинүү сезилген эмес.
Баштапкы маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Май айында очогу Казакстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда сезилген бир нече учур катталган.
Быйыл январь-февралда Казакстандын, Кыргызстандын аймактарында жер бир нече жолу силкинген.
23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да сезилген. (ZKo)
Дагы караңыз
Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алындыАрмения Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды“Аккула” ат майданын сатуудан түшкөн акча турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалатКиевде Айдос Садыковго кол салууга эки казакстандык шектелүүдөЖапония борбор азиялык компанияларга Орусия менен байланышы үчүн санкция салдыТажикстан президенти "улут маданиятына жат кийимге тыюу салган" мыйзамына кол койду