Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:05

Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды


Алга Кылычев.
Алга Кылычев.

21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды. Алга Кылычев "Азаттыкка" комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты.

"Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген "Альфа" атайын кызматынын кызматкерлери да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок. Ошондуктан, саламаттыгыма, жашы жете элек алты балам бар экенине карабай, мени камап атышат", - деди Кылычев.

Активист түрмөдөн өмүрүнө коркунуч келсе ага бийлик күнөөлүү болорун да айтты.

Жогорку сот Алга Кылычев Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылдагы редакциясы боюнча “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айыптуу деп табылганын маалымдады.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери жүрүп жатат. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карап келет. Алга Кылычевдин иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна берилген.

Алга Кылычев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берген.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши 2022-жылдан бери сотто каралып келген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG