Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Киевде Айдос Садыковго кол салууга эки казакстандык шектелүүдө


Казак оппозициясынын активисти Айдос Садыков
Казак оппозициясынын активисти Айдос Садыков

Украинанын полициясы казакстандык оппозициячыл активист жана журналист Айдос Садыковго кол салууга шектүүлөрдү аныктады. Бул тууралуу алгач анын аялы Наталья Садыкова билдирди.

20-июнда Украинанын Башкы прокуратурасы өз сайтында жарыялаган маалыматка ылайык, Казакстандын жарандары - 1988-жылы туулган Казакстандын жараны Алтай Жаканбаев менен 1991-жылкы Мейрам Каратаев активистти өлтүрүүгө буюртма алышкан.

Прокуратуранын маалыматында, алар 2-июнда Киевге барып, Айдос Садыков жашаган жактан батир алып ага байкоо жүргүзүшкөн.

18-июнда түш ченде Каратаев "автоунаанын айдоочу отурган жагына тез басып барып Садыковдун башына мээлеп атканы" жазылат. Айдос Садыков учурда оор абалда ооруканада жатат. Жанындагы аялы жабыркаган эмес.

Каратаев менен Жаканбаев окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Алардын кармалаганы тууралуу кабарлана элек.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Мейрам Каратаев Костанай облусунда ички иштер бөлүмүндө эмгектенген.

Украинада 2014-жылдан бери жашап келген Айдос Садыков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди ачык сындап келгени менен белгилүү. Үй-бүлөсү менен жер которуп кетишине Наталья Садыковага каршы козголгон кылмыш иш түрткү болгон. Украинада алар качкын макамын алышкан. YouTube социалдык тармагында "Бәсе" каналын жүргүзүп келген түгөйлөргө былтыр күздө казак бийлиги кастыкты козутууга айыптап издөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG