Өндүрүш Токтонасыровдун 100 миң сом айып пулуна элден акча чогулду

Судья Ильязбек Тажыбаев жана Өндүрүш Токтонасыров. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 19-июнь, 2024-жыл.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот чечими менен салынган 100 миң сом айып пул элден чогулду. Бул тууралуу "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Акча чогултуу демилгесин "Кылым шамы" уюму көтөргөн.

"Өндүрүш Токтонасыровго салынган айып пулду чогултуу демилгесин биздин уюм кечээ кечки саат 5те жарыялаганбыз. Бир күнгө жетпей, карапайым элден 500, 1000 сомдон чогулуп отуруп, бүгүн түшкө жетпей толук топтолду. Элден айланса болот, 5 миң сом бергендер болду. Бир аз акча ашып калды, аны Токтонасыровдун угуу аппараты бузулуп калган экен, ошонусун жаңылап берели деп чечтик. Дагы бир кошумчалап кое турган нерсе: Өндүрүш Токтонасыров ден соолугуна байланыштуу шаар сотуна апелляциялык арыз берүүдөн азырынча баш тартты. Эгер сот чечимине прокуратура даттана турган болсо, анда биз да апелляция беребиз", - деди Азиза Абдирасулова.

Айып пул укук коргоочунун адвокаттарына өткөрүлүп берилгени кабарланды.

19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Ильязбек Тажыбаев укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

Жарандык активист соттун бул чечимине макул эместигин, ага каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирген.

Прокуратура Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сураган.

Өндүрүш Токтонасыровго Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда былтыр сентябрдан бери каралууда. 2023-жылы 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун социалдык тармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Өндүрүш Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Сауд Арабиясында ажылык маалында каза болгондордун саны миңден аштыСот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алындыУКМК Жалал-Абадда мамлекетке кайтарылган жерге 10 турак жай салынып жатканын билдирдиБишкек мэри шаарда жол тыгынды азайтуу аракеттери тууралуу айттыПольшада күрөш боюнча кыргызстандык үч балбан алтын алды