Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Сауд Арабиясында ажылык маалында каза болгондордун саны миңден ашты


Меккеге ажылыкка барып аптаптан кыйналган зыяратчылар. 16-июнь, 2024-жыл. Сауд Арабиясы.
Меккеге ажылыкка барып аптаптан кыйналган зыяратчылар. 16-июнь, 2024-жыл. Сауд Арабиясы.

Cауд Арабиясында быйылкы ажылык маалында каза болгондордун саны миңден ашты.

Бул тууралуу "Франц-пресс" агенттиги дипломатиялык булактарына таянып жазды. Маалым болгондой өмүрү кыйылгандардын арасында Египеттин 658, Индиянын 68, Иорданиянын 60, Пакистандын 35, Тунистин 35 жараны бар. ТАСС агенттинги Орусиянын башкы консулдугуна таянып ажылык маалында каза болгондордун арасында беш орусиялык да бар экенин кабарлады.

"Франц-пресс" агенттиги белгилегендей, каза болгон зыяратчылардын көбү каттоодон өткөн эмес. Мындан улам алар желденбеген (кондицинонери жок) жайларда түнөп, медициналык жардам убагында көрсөтүлбөй калган.

Быйыл ажылыкка Мекке шаарына 22 өлкөдөн 1,5 милионндой зыяратчы келген.

Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына караганда, 17-июнда Меккеде абанын температурасы дээрлик 52 градуска жетти. Кийин бир аз ылдыйлап, 47 градус болгону менен бул мезгилде түнкүсүн да 40тан чанда төмөндөйт.

Кыргызстандын муфтияты өлкө жарандары жабыркабаганын билдирди.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылды.

XS
SM
MD
LG