Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

УКМК Жалал-Абадда мамлекетке кайтарылган жерге 10 турак жай салынып жатканын билдирди


Мамлекетке кайтарылган жерлерге курулуп жаткан турак жайлар. Жалал-Абад, Кыргызстан. УКМК тараткан сүрөт.
Мамлекетке кайтарылган жерлерге курулуп жаткан турак жайлар. Жалал-Абад, Кыргызстан. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу иштеринин натыйжасында Жалал-Абад облусунда кайра өкмөткө алынган жер тилкелери тууралуу маалымат таратты.

Анда айтылгандай, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы 2024-жылдын башынан бери 22 гектар аянттагы жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Анын жалпы наркы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сом деп бааланган.

Атайын кызмат билдиргендей, учурда бул жер тилкелерде Мамлекеттик ипотекалык компаниясы жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат.

Курулуп жаткан турак-жай комплекстеринин жалпы аянты 424 478 чарчы метрди түзүп, анда 6610 батир болот. Мындан тышкары комплекстердин аймагында жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфратүзүм, анын ичинде балдар жана спорт аянтчалары, жер астындагы унаа токтотуучу жайлар каралган.

УКМКнын маалыматына ылайык, мамлекетке кайтарылган жер тилкелеринде ошондой эле башка социалдык объектилерди, анын ичинде университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейинки бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” кайталаган. Атайын кызматтын жетекчиси соңку мисалдардын бири катары Жалал-Абад облусунда төрт-беш автобаза мамлекетке кайтарылганын, ал жерлерге эки мектеп курулуп жатканын, калганына Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай сала турганын айткан.

Быйыл апрелдин башында “7-канал” телеканалынын сайтында жарыяланган тексттик билдирүүсүндө Ташиев коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттарга байланыштуу сын-пикирлерге жооп берген. Ташиевдин айтымында, соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөн. Ал мунун 40 млрд сому накталай түрдө мамлекеттик бюджетке которулганын, калганы кыймылсыз мүлк, мал, автоунаа жана башка түрдө мамлекетке кайтарылганын айткан.

Президент Садыр Жапаров быйыл январда Кыргызстандагы 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда социалдык батирлер курула баштай турганын Фейсбукка жазып, ошол салынып жаткан объектилердин тизмесин жарыялаган.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) президент койгон тапшырманын негизинде келерки эки-үч жылда Кыргызстандын аймактарында 13 857 батир курарын февралда жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG