Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Бишкек мэри шаарда жол тыгынды азайтуу аракеттери тууралуу айтты


Айбек Жунушалиев
Айбек Жунушалиев

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин “Ишеним”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында калаанын учурдагы социалдык-экономикалык абалы, аны өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иш-аракеттер, жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу баяндама жасады.

Мэр анда борбор калаада коңшу республикалардын борборлору сыяктуу эле тыгынга кептелгенин белгилеп, транспорттук коллапс техникалык жактан эле эмес, илимий жактан да комплекстүү мамилени талап кылып жатканын айтты.

Жунушалиев Бишкекте автомобилдештирүү 2000-жылдардын башынан бери жогорулап, ушул күндөрү темп дагы да өскөнүн маалымдады. Ал 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын белгиледи. Мэр ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага эсептелгенин билдирди.

“Мэрия уюштурган атайын изилдөөлөр көрсөткөндөй, шаарда жүргөн автоунаалардагы айдоочулардын 52% жалгыз өзүн ташуу үчүн машине айдашат. Дагы 33% бир жүргүнчү менен, эки жүргүнчү менен 10%, андан көп жүргүнчүлөр менен болгону 3,2% гана айдоочу жүрөт экен. Демек, шаардагы айдоочулардын 85% жарым-жартылай бош жүрүшөт. Ошондуктан жол тармагына кошумча оорчулук келтирип, тыгындарга себеп түзүп берүүдө. Ушуга байланыштуу шаардыктарды жеңил унаадан коомдук транспортко которуу жол тыгынын жеңилдетүүгө жардам берет”, – деди Айбек Жунушалиев.

Бишкек шаарынын мэри жол тыгындарын чечүү үчүн комплекстүү чаралар концепциясын иштеп чыгып, Министрлер кабинети тараптан бекитилген. Ал анын ичинде муниципалдык кызматкерлер аптасына эки күн коомдук транспортторду милдеттүү колдонуп жатканын, мындай тажрыйбаны бардык мамлекеттик кызматкерлерге сунушталып жатканын тактады. Жунушалиев ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда окууну баштоонун убактыларын жылдыруу сунушун кайталады.

Мэр жол тыгынын азайтуу чараларынын катарында маршруттук кичиавтобустарды чоң автобуска алмаштыруу, алардын каттамдарынын аралыктарын азайтуу, таштандыларды түнкү убакта чыгаруу чаралары аталды. 21 жол кесилишине акылдуу цветофорлор орнотулганы, кошумча жол тилкелери салынып жатканы да кошумча аталды. “Ош базары” жана автобекеттерди шаардын сыртына чыгаруу, темир жолду кесип өтө турган өтмөктөрдү куруу жана башка аракеттер да тыгынды азайтары, ал боюнча аракеттер уланып жатканы маалымдалды.

Маршруттук каттамдарды оптималдаштыруу максатында 1200 кичиавтобус шаардын борбордук көчөлөрүнөн чыгарылып, алардын ордуна республикалык бюджеттен 1000 автобус алынган. Европа өнүктүрүү банкы аркылуу 114 автобус, Германиянын гранты аркылуу 17 автобус алынган. Дагы 68 автобус жана 120 электробус келиши күтүлүүдө.

Айбек Жунушалиев 210 чакырымдык троллейбустук линиянын 70% эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткенин, аны алмаштыруу кымбат турарын белгиледи. Ал ошол себептүү айлампа линиядагы гана троллейбустар калтырылып, калганы алына турганын, бул тыгынды азайтууга салым кошорун маалымдады. Шаардагы 152 троллейбустун 100ү Ош шаарыне берилет.

Калаа жетекчиси узак мөөнөттүү чаралар катары Бишкекте асма жолдорду куруу, жол тилкелерин кеңейтүү, калаа борборуна акча төлөп кирүү, көп деңгээлдүү автотоктотмолорду куруу сыяктуу аракеттерди да атады.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгын негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданышууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG