Ибраев ЖЭБдеги кырсыкка адистер да күнөөлүү экенин билдирди

Бишкек ЖЭБинин жарылуу болгон бөлүгү. 2-февраль, 2024.

Бишкек жылуулук электр борборунда быйыл февралдын башында болгон аварияга отказандарды иштеткен адистер да күнөөлүү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-июнда Жогорку Кеңеште депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттын "жарылуу көмүрдүн чаңынан улам болду" деген маалыматтарды тактаган суроосуна министр андай эмес экенин айтты:

"Биз өмүр бою эле ушундай көмүр жагып келгенбиз. ЖЭБ болгондон кийин дайым эле чаң болот. Ал жерде отказандар эскиргени - бир себеп, экинчиден, отказанды жакканда адистер кетирген каталар да бар", - деди Ибраев.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталган, азыр да бүтө элек.

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоп, жарылуу ЖЭБдин кызмат адамдары "өздөрүнө жүктөлгөн милдетин так аткарбаганы жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн болду" деп билдирген.

Прокуратура кырсыктын айынан Бишкек шаарындагы турак жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин жүйө келтирген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланып, 9-майда Бишкекке кайтып келишкен. Алардын учурдагы абалы туруктуу экени кабарланып, бирок саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн реабилитациядан өтүп, кийинки операцияларга даярдануу зарылчылыгы бар деп айтылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Чет элдиктерди кызыктырган Керевшин кереметиТалас: кыргыз-казак чек арасындагы мал аткезчилиги Сотто көрсөтмө берген лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айттыСот Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды Ким Чен Ын Украинадагы согушта Орусияны колдоорун билдирди