Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Ким Чен Ын Украинадагы согушта Орусияны колдоорун билдирди


Владимир Путин жана Ким Чен Ын. 2024-жылдын 19-июну.
Владимир Путин жана Ким Чен Ын. 2024-жылдын 19-июну.

Пхеньянда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу өтүп жатат. Бул Путиндин Түндүк Кореяга болгон экинчи сапары. Биринчи жолу ал 2000-жылы барган.

"Свобода" радиосу жазгандай, Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ким Чен Ын "Орусиянын өкмөтүнө, армиясына жана элине атайын аскердик операцияда, башкача айтканда, Украинадагы согушта толук колдоо көрсөтөт жана тилектештигин билдирет" деп айтты. Ким Москванын атайын операциясы "эгемендикти, коопсуздук кызыкчылыктарын, аймактык бүтүндүктү коргоо үчүн" жүрүп жатканын айтты. Түндүк Кореянын лидери өз сөзүндө Орусиянын "дүйнөдөгү стратегиялык тең салмактуулукту сактоодогу" ролун да белгилеп өткөн.

Путин өз сөзүндө Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы тарыхый байланыштарды, анын ичинен 1950-1953-жылдардагы Корей жарым аралындагы согушта советтик учкучтар катышканын эске салды. АКШны сындап, Украинадагы согушта Орусияны колдоп жатканы үчүн Пхеньянды мактады.

АКШнын жана Түштүк Кореянын расмийлери Пхеньянды Орусиядан заманбап аскердик технология жана жардам алыш үчүн Москвага колдоо көрсөтүп, артиллерия, ракета жана аскердик техника жөнөтүп жатканы үчүн айыпташкан.

Түндүк Кореянын Орусияга курал-жарак берүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын талаптарын бузуу деп эсептелет. Ошондуктан Пхеньян да, Москва да андай жардамды танып келишет.

Путин Пхеньянга 2000-жылы, өлкөнү азыркы лидердин атасы Ким Чен Ир жетектеп турганда барган.

2023-жылы 12-17-сентябрда Ким Чен Ын Орусияга барып, Ыраакы Чыгыштагы “Восточный” космодромунда, Приморьедеги Кневичи аэродромунда жана Владивостокто болгон. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG