Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Сотто көрсөтмө берген лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айтты


Аскат Жетиген.
Аскат Жетиген.

19-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда айыпталуучу тараптын өтүнүчү менен келген лингвист көрсөтмө берип, активисттин социалдык тармакка жарыялаган видеосундагы сөздөрүндө массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктарды көрбөгөнүн айтты.

Адвокат Самат Матцаковдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, бүгүнкү жараянда тергөөчүнүн токтому менен чакырылган лингвист да көрсөтмө берери айтылган. Бирок ал эмгек өргүүсүндө болгондуктан, жараянга келген эмес.

"Бүгүн жарыш сөз башталышы керек эле. Бирок прокурор сот процессине башынан катышпаганын жүйө келтирип, жарыш сөзгө даяр эместигин айтып, мөөнөт сурады. Ошого байланыштуу кийинки сот жараяны 25-июнга белгиленди. Ал күнү жарыш сөз болот, өкүм да чыгышы ыктымал", - деди Матцаков.

Аскат Жетигендин буга чейинки сот отурумдарында да лингвист эксперттер сурак берген. Алардын көрсөтмөлөрү айрым учурларда кайчы чыкса, кээде бирдей болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG