Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоору каралды.
Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев 15-20 жылча мурдараак, темир жолдун курулушу жөнүндө сүйлөшүүлөр башталган маалда “анын Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүн Кытайдын аскерлери коргойт деп” айтылганын белгиледи. Ал ушундан улам жаңы макулдашууда бул маселе кандай жазылганын сурады.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев макулдашууга ылайык, темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүнүн коопсуздугуна толугу менен кыргыз бийлиги жооп бере турганын, ошого кепилдик алганын айтты. Ал “Кыргыз темир жолу” ишканасында аскерлештирилген сакчы кызматы бар экенин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолуна байланыштуу да ошондой түзүм түзүлүп, коопсуздугун толук Кыргызстан тарап өзү карай турганын билдирди.
Мунун алдында “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланганын билдирген.
Сакиевдин сөзүнө караганда, бул каражаттын 51% Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Маалымат боюнча, Кытай 2 млрд 350 млн доллардын тегерегиндеги каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет. Калган 2 млрд доллардан ашык акчаны үч мамлекет чыгарат. Азамат Сакиев ушул тапта темир жолду куруу үчүн Кытайдан алына турган насыянын шарттары жана пайызы боюнча маселе чечиле элек экенин кошумчалады.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун киргизди. Ага ылайык, темир жолду курууга Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому жооптуу болот.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында курулат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын маалымдаган.
6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, проектти каржылоо маселеси чечилген.
2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. (ErN)
Дагы караңыз
Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын кайталады“Манас” аэропортунун коду “FRU” аталыштан башкага алмаштырылатБишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадиону оңдолуп жататКыргызстан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна Кытайдан насыя алатЖалал-Абадда сел каптаган эки айылдан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияландыБазарбеков Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгарган судья кызматтан кетпегенин айтты