Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун саясатчылар менен активисттерди актоо чечими тууралуу “Ала-Тоо 24” телеканалына пикирин билдирди.
Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып актоо өкүмүн чыгарган райондук соттун судьясы Марат Сыдыков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы жөнүндө маалыматтарды четке какты:
“Ушундай сөздөрдү мен да интернеттен окуп калдым. Бул туура эмес. Чындыкка жатпайт. Сот ар бир чыгарган чечими үчүн керт башы менен жооп берет. Соттордун ишине эч ким кийлигише албайт. Ал эми экинчи инстанцияда – облустук же шаардык сотто кандай чечим чыгат аны биз билбейбиз. Себеби, ар бир сот өз алдынча чечим кабыл алат”, - деди ал.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.
Прокуратура соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга арызданабы, жокпу, азырынча белгисиз.
Эл аралык уюмдар соттун актоо чечимин кубаттады.
Акталган саясатчылар соттун актоо чечими алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.
Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду. (BTo)