Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:04

Жалал-Абадда сел каптаган эки айылдан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланды


Жалал-Абад облусундагы суу каптаган жерлер.
Жалал-Абад облусундагы суу каптаган жерлер.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында 17-июндун кечинде жүргөн селден улам аталган эки кыштакта кооптуу абалга кептелген 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Эвакуацияланган тургундар акырындан үй-жайына кайтып жатышат.

ӨКМ жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин анын ичинен 5 турак жайдын ичине сел суусу киргенин билдирди. 1 турак үй авариялык абалга кептелген.

Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кечээ саат 17:30 чамасында кокту-колоттордон топтолгон сел аталган айылдарды каптаган.

Буга чейин ушул эле селде Эски Кочкор-Ата айылынын тургуну, 10 жаштагы өспүрүм сууга агып, каза болгону маалымдалган. Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 19:10до таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

Селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жарандык коргонуу кызматтарынын, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана тургундар тартылды.

ӨКМ кабарлагандай, 17-июндун кечинде суу ташкыны Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылган.

Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады. Селден улам апрелде Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG