Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:20

Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын кайталады


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкан соң өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөрдү кайтаруу маселеси тууралуу кайрадан билдирүү жасады. Ташиевдин тургундар менен сүйлөшүп жаткан видеосу Фейсбукта жарыяланды.

“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып, же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам, же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек”, – деди Камчыбек Ташиев.

Атайын кызматтын жетекчиси соңку мисалдардын бири катары Жалал-Абад облусунда төрт-беш автобаза мамлекетке кайтарылганын, ал жерлерге эки мектеп курулуп жатканын, калганына Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай сала турганын айтты.

Маалыматта айтылгандай, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында курулган “Азатбек ажы” атындагы мечиттин ачылышы 14-июнда өткөн. Аны курууга экс-депутат Равшанбек Сабиров демөөрчү болгону кабарланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейинки сөздөрүндө да айткан.

Быйыл апрелдин башында “7-канал” телеканалынын сайтында жарыяланган тексттик билдирүүсүндө Ташиев коррупцияга каршы күрөш, андан мамлекетке өндүрүлгөн каражаттарга байланыштуу сын-пикирлерге жооп берген. Ташиевдин айтымында, соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөн. Ал мунун 40 млрд сому накталай түрдө мамлекеттик бюджетке которулганын, калганы кыймылсыз мүлк, мал, автоунаа жана башка түрдө мамлекетке кайтарылганын айткан.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлукка экономикалык мунапыс жарыялоо болгон. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган.

Күрөштүн алкагында мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгышкан. Коомчулукта бул “кустуруу” жараяны деп аталган жана аны сындагандар да, колдогондор да бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG