Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:07

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадиону оңдолуп жатат


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионду оңдоо иштери.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионду оңдоо иштери.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ал быйыл күзгө чейин бүтүп калары айтылган.

Ушул тапта стадиондун футболдук аянты толук алынып, көрүүчүлөр отурган отургучтар жаңыланууда.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион – Бишкекте эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн.

1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG