Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефондон алака-катышты талкуулады

Садыр Жапаров менен Владимир Путин соңку ирет өткөн айда Москвада жолуккан.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 15-июнда телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы анда лидерлер өз ара алака-катышты талкуулаганын билдирди.

"Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара алака-катышын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери тууралуу да пикир алышты",-деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин соңку ирет өткөн айда Москвада жолуккан. Кыргызстандын президенти анда 8-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик отурумуна катышкан жана 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадды көргөн.

Дагы караңыз

Кыргызстанда 54 миңден ашык гектар жерди чегиртке каптады Бишкектин борбордук бөлүгүндө маршруткалар мындан ары жүрбөйтБелгород: аткылоодо көп кабаттуу үй кыйрап, беш адам мерт болду G7 : Орусия Украинага 486 млрд доллар кенемте төлөшү керекУкраинадагы согушта мерт болгон 56 452 орусиялыктын тек-жайы такталдыШвейцариядагы Тынчтык саммитине 90дон ашык өлкөнүн өкүлү келетКыргызстанда быйыл кызамык жуккан 11 миңге чукул учур катталдыБыйыл чет өлкөлөрдөгү абактардан 32 кыргыз жараны которулуп келди