14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-3…+2, күндүз 6…11 градус.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Дагы караңыз
Парламент электрондук тамекини тыюу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алдыАскат Жетигендин сотунда дагы бир лингвист эксперт сурак бердиАргентинада президенттин реформаларына каршы акциялар кагылышуулар менен коштолдуИзраил танктары Рафахтагы коопсуз делген аймактарга киргени кабарландыАКШ кыргызстандык дагы эки компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды