Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Парламент электрондук тамекини тыюу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 13-июнда тамеки түтүнүнүн зыянынан коргоо максатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда карап, кабыл алды. Документке ылайык, өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салынат. Мыйзам долбоорунун автору Шаирбек Ташиев электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алынса, анын талаптарын бузган жеке жактарга эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салынарын белгиледи.

Ал эми ташып келүү - 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева мыйзамдын талаптарын бузуу үчүн колдонулуучу айып пулдарды жөнөкөй жарандар үчүн төмөндөтүү сунушун айтты.

Кыргызстанда электрондук чылымга тыюу салуу сунушу быйыл февралда коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG