Жогорку Кеңеш 13-июнда тамеки түтүнүнүн зыянынан коргоо максатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда карап, кабыл алды. Документке ылайык, өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салынат. Мыйзам долбоорунун автору Шаирбек Ташиев электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алынса, анын талаптарын бузган жеке жактарга эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салынарын белгиледи.
Ал эми ташып келүү - 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева мыйзамдын талаптарын бузуу үчүн колдонулуучу айып пулдарды жөнөкөй жарандар үчүн төмөндөтүү сунушун айтты.
Кыргызстанда электрондук чылымга тыюу салуу сунушу быйыл февралда коомдук талкууга коюлган.
Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар. (КЕ)
Дагы караңыз
Парламент аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алдыКривой Рог: орус армиясынын соккусунан мерт болгондордун саны 10го чукулдадыМосквадагы "Сахарово" борборунда 173 кыргыз жараны кармалып туратЭл жазуучусу Самсак Станалиев акыркы сапарга узатылды