Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Москвадагы "Сахарово" борборунда 173 кыргыз жараны кармалып турат


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта Москвадагы мигранттарды убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, жасаган кылмышына жараша же айып пулду төлөп бүткөнгө чейин аталган борбордо февралдан бери кармалып тургандар бар.

Жакында Интернетке "Сахарового" камалып чыктым деген кыргызстандык кыздын видео кайрылуусу чыккан. Ал аталган борбордо жаткан мигранттардын укугу бузулуп жатканын, электрошокер колдонгон учурларды көргөнүн айткан. Галиева аларга кыйноо фактылары боюнча кайрылгандар буга чейин болбогонун, жыл башынан бери мигранттарды убактылуу кармоочу жайга беш жолу барып, кыргызстандыктардан кабар алышканын айтты.

"Видеокайрылуу жасаган кыз 2023-жылы соттун чечими менен административдик жазага тартылып жана өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетиши керек болгон. Чыгып кеткенден кийин кара тизмеге киргенине, беш жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынганына карабай өлкөгө кайра кирип алыптыр. 28-майда кайра кармалып, күнөөлүү деп табылып, мажбурлоо түрү менен чыгарылган. Ал өзүнө карата мыйзамсыз аракеттер жасалганы тууралуу айткан эмес. Башка өлкөнүн жарандарына карата ушундай аракеттер болгонун айткан. Биз өзүбүздүн жарандар тууралуу гана айта алабыз. Ушундай жагдайлар болсо Орусиянын ИИМине, тийиштуү органдарына кайрылабыз. Бүгүнкү күнгө чейин андай маалыматтар келген эмес".

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматы боюнча ушул тапта чет өлкөлөрдө 657 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүрөт. Анын 411 миңдейи Орусияда.

"Сахарово борбору" Москванын четиндеги мигранттарды кармоочу жабык мекеме. Мигранттардын укуктарын коргоочулар бул борбор мигранттарды Украинадагы согушка тартуунун негизиги очогуна айланганын айтып келишет. Бирок орусиялык расмийлер мындай айыптоолорду кескин четке кагат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG