Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Кривой Рог: орус армиясынын соккусунан мерт болгондордун саны 10го чукулдады


Кривой Рогдо орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн урандыларынан алдынан аман калгандарды издеп жатышат. 12-июнь, 2024-жыл.
Кривой Рогдо орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн урандыларынан алдынан аман калгандарды издеп жатышат. 12-июнь, 2024-жыл.

Украинанын Кривой Рог шаарында 12-июнда орус армиясынын соккусунан өмүрү кыйылгандардын саны тогузга жетти. 14-июнь калаада Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Днепропетровск облусуна караштуу шаардагы калк жашаган райондорго орус армиясы шаршемби күндүз ракеталык чабуул койгон. Жараат алгандардын саны отуздан ашты. Алардын арасында беш бала бар экенин Укрананын Башкы прокуратурасы билдирди. Алты кишинин абалы оор экени маалым болду.

Расмий билдирүүгө караганда дагы беш адамдын дайыны табылбай жатат. Калаанын коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкул алдын ала маалыматтарга таянып, сокку аннексияланган Крымдын аймагынан "Искандер-М" баллистикалык ракеталары менен жасалганын билдирди.

Соккудан көп батирлүү үй, гимназия, орто кесиптик окуу жай жана бир нече автоунаа жабыркаганы кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский курман болгондорду жакындарына көңүл айтып, өлкөсү көбүрөөк ракеталарга каршы жана коргонуу системаларына муктаж экенин дагы бир ирет белгиледи.

Көптөгөн видео жана фото далилдерге карабастан Орусиянын бийлиги жарандык жайларга сокку урганын мойнуна албай, бир гана аскердик обьектилерди бутага аларын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG