Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

Парламент аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-июнда административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда талкуулап, кабыл алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарганын билдирди. Мунун натыйжасында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

"Эки облустук деңгээлдеги Кара-Балта жана Кант шаарлары пайда болду. Административдик-аймактык реформага чейин 10 287 штаттык бирдик болсо, реформадан кийин 6 398 штаттык бирдик калды", - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG