Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Эл жазуучусу Самсак Станалиев акыркы сапарга узатылды


Эл жазуучусу Самсак Станалиев менен коштошуу зыйнаты.
Эл жазуучусу Самсак Станалиев менен коштошуу зыйнаты.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 13-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын алдында өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, жазуучунун калемдештери жакындары катышты.

Чогулгандар Станалиевдин кыргыз адабиятындагы ордун белгилеп, анын калтырган чыгармалары мурас болуп каларын кеп кылышты.

Эл жазуучусу Самсак Станалиев менен коштошуу зыйнаты.
Эл жазуучусу Самсак Станалиев менен коштошуу зыйнаты.

Калемгердин сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Эске салсак, эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам кечээ,12-июнда 74 жашында дүйнө салган.

Самсак Станалиев Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы “Нарынгидроэнергокурулуш” башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп эмгектенген. 1971–1972-жылдары Токтогул райондук “Учкун” гезитинде адабий кызматкер, 1978–1980-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде иштеген.

Самсак Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулган. Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомоктурун кыргыз тилине которгон.

Жазуучунун “Чагылгандын көз жашы” жана “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG