Парламент аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-июнда административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда талкуулап, кабыл алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарганын билдирди. Мунун натыйжасында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

"Эки облустук деңгээлдеги Кара-Балта жана Кант шаарлары пайда болду. Административдик-аймактык реформага чейин 10 287 штаттык бирдик болсо, реформадан кийин 6 398 штаттык бирдик калды", - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Москвадагы "Сахарово" борборунда 173 кыргыз жараны кармалып туратЭл жазуучусу Самсак Станалиев акыркы сапарга узатылдыЕревандагы башаламандыкта 100дөй киши жабыркадыМосква биржасында жаңы санкциядан улам доллар жана евро соодасы токтоду