Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Еревандагы башаламандыкта 100дөй киши жабыркады


Еревандагы өкмөт каршы акциянын катышуучулары менен полициянын кагылышуусу. 12-июнь, 2024-жыл.
Еревандагы өкмөт каршы акциянын катышуучулары менен полициянын кагылышуусу. 12-июнь, 2024-жыл.

Армениянын Тергөө комитети Ереванда 12-июндун кечинде болгон демонстранттар менен тартип коргоочулардын кагылышуусунан кийин кылмыш ишин козгоду. Медициналык жардам акциянын 100дөй катышуучусуна көрсөтүлгөнү кабарланды. 32 киши ооруканага жаткырылды.

Расмий билдирүүгө ылайык, өкмөткө каршы митингдин катышуучулары полиция кызматкерлерине баш ийбей, аларга таш-таяктарды ыргытып, уруп-сого башташкан. 17 полиция ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алганы маалым болду.

Шаршемби кечинде Армения парламентинде “өкмөттүк саат” өтүп жаткан маалда митингчилер имаратка жакын барып, тосмолорду бузуп киришкен. Буга жооп катары коопсуздук күчтөрү кулак тундуруучу, жаш агызуучу гранаталарды колдонушкан.

Армениянын омбудсмени Анаит Манасян демонстранттардын сөздөрүнө таянып билдиргендей, полиция ашыкча чара колдонгон.

Арменияда бир нече күндөн бери бийликке баш ийбөө акциясы уланып жатат. Өкмөткө каршы соңку демонстрациялардын башында чиркөө өкүлү, архиепископ Баграт Галстанян турат. Алар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Талдоочулар азыркы митингдер армян өкмөтү Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖКУ) оолактап жаткан маалда башталганына көңүл бурууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG