Ошто мэриянын иш козголгон эки кызматкери иштен убактылуу четтетилди

Kyrgyzstan, City Hall of Osh - Feb. 2022

Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкар Пайзиев менен Жолдор башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Олжобаев кызматынан убактылуу четтетилди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык мэриянын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди. Ал мэриянын эки кызматкери тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кызматтан четтетилгенин айтты.

Шумкар Пайзиев менен Улан Олжобаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы кармаган.

Алардын бөгөт чарасы 6-июнда Ош шаардык сотунда каралып, 31-июлга чейин үй камагына чыгарылган.

Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов Шумкар Пайзиев менен Улан Олжобаевге Ошко курула турган асфальт жана таш майдалоочу заводго керектүү техникаларды сатып алууга байланыштуу кылмыш иши козголгонун айткан. (DSh)

Дагы караңыз

Бишкекте Пакистан жана Бангладеш жарандары мушташтыКемпир-Абад иши: Жарыш сөз шектүүлөргө толук берилген жок Пашинян Армения ЖККУдан чыгарын айттыБеларуста укук коргоочу Леонид Судаленконун соту башталды Орусияда камактагы оппозиционер саясатчы Яшин айырбаштоо сунушунан баш тартарын айтты12-июнь: Бишкекте соодагерлердин акциясы уланды, АКШда тажикстандык сегиз киши террорчулукка шектелүүдө