Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:15

Пашинян Армения ЖККУдан чыгарын айтты


Никол Пашинян. 2024-жылдын 12-июну.
Никол Пашинян. 2024-жылдын 12-июну.

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын премьер-министр Никол Пашинян бүгүн 12-июнда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кыйытты.

Оппозициялык депутаттардын эмне үчүн Армения бул уюмга нааразылыгын билдирип, бирок анын курамында кала берип жатканы тууралуу айтканына "Чыгабыз. Качан экенин чечебиз", - деп жооп берди.

Ал кайсы бир так датаны атаган жок, чечим качан бийлик зарыл деп эсептесе, ошондо кабыл алынарын айтты.

Жоопкерчиликти өлкөнүн мурдагы бийлигине жүктөгөн өкмөт башчы аларды жасалма альянс түзүп, келишимдеги милдеттенмелерин аткарбай коюшкан деп айыптады.

"А силер кандай деп ойлойсуңар? Кийинки кадам кандай болушу керек? Кайра артка кайтабыз дейсизби? Жок, башка жолубуз жок. Кам санабагыла, артка кайтпайбыз", - деди Пашинян.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

2022-жылы күзүндө Тоолуу Карабакта абал курчуп турганда Ереван Москвадан жана ЖККУ боюнча башка да өнөктөштөрдөн жардам сураган, бирок эч кимисинен колдоо тапкан эмес. Ошол окуялардан кийин Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG