Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

12-июнь: Бишкекте соодагерлердин акциясы уланды, АКШда тажикстандык сегиз киши террорчулукка шектелүүдө


Бишкекте акцияга катышкан соодагерлердин бири, 12-июнь, 2024-жыл
Бишкекте акцияга катышкан соодагерлердин бири, 12-июнь, 2024-жыл

12-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Соодагерлердин акциясы уланды

Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы болгон “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты. Алардын айрымдары көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) да колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышты. 10-11-июнь күндөрү “Дордой Дыйкан” менен “Ош базарынын” соодагерлери ЭТТК жана ЭЭФны колдонууга каршы болуп иш ташташкан. Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге ККМ, ЭТТК жана ЭЭФны колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берүү долбоору

Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду. Документке 63 депутат “макул”, үч депутат “каршы” добуш берди. Долбоор эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Бул документ коомчулукта талкууга алынып, Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүүгө каршы социалдык тармактарда пикирлер жазылган. Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көлдөн башка аймактарда чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген.

Электр чыгырыгы менен эреже бузгандарга айып салынат

Кыргызстанда электр чыгырыгы (электросамокат) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом, мас болуп айдагандарга 3000 сом айып пул салынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган. Бишкектин тургундары көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө жүргөндөрдү же бири-бирин сүзүп, кырсыкка кабылгандар көбөйгөнүнө арызданышкан.

Орусия Киевге абадан жапырт чабуул жасады

Киевдин шаардык администрациясы билдиргендей, Х-101/Х-555/Х-55 канаттуу ракеталары түштүк жактан бир нече толкун болуп согулду. Түштүк тараптан ошол эле учурда Киевге ракеталардан тышкары согуштук дрондор учурулду. Өлкөнүн улуттук полициясы ракета жана дрон чабуулунан Киевде кеминде бир киши жараат алганын, атып түшүрүлгөн ракеталардын биринин сыныгы тийген ишканада өрт чыкканын кабарлады. Жалпысынан соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан Украинанын төрт облусунда он чакты киши жараат алганын, ондогон үй-жайлар талкаланганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирүүдө. Харьковдо эки, Донецкиде бир, Херсондо үч, Днепропетровдо бир киши жабыркады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ХАМАС "үмүттөндүрүүчү белги" бергенин билдирди

Жакынкы Чыгышта жүргөн Блинкен ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) Газадагы согушту токтотуу тууралуу АКШ сунуш кылган жана БУУда колдоо тапкан пландын деталдарын талкуулоого даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келаткан Катар жана Египет кабарлагандай, алар шейшемби күнү ХАМАСтын формалдуу жообун алышты, бирок анын чоо-жайы айтылган жок. Ал эми Израил, тескерисинче, ХАМАС Байдендин планын четке какканын айтууда. Reuters агенттиги израилдик өкүлдөргө таянып жазгандай, ХАМАС пландын "бардык негизги жана эң маанилүү, анын ичинде барымтадагыларды бошотуу боюнча параметрлерди" өзгөртүүнү талап кылууда. Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган.

АКШ: Сот арачылары Хантер Байденди айыптуу деп табышты

Сот арачылары президент Жо Байдендин уулу Хантер Байденди куралды мыйзам бузуу менен сатып алуу тууралуу иштеги бардык үч пункт боюнча айыптуу деп табышты. Ага 2018-жылы револьвер сатып алуу үчүн толтурган каттоо кагазына «мыйзамсыз маңзат колдонбойм жана андан көз карандылыгым жок» деп жалган маалымат жазган, ошондон кийин 11 күн бою тапанчаны мыйзамсыз колдонуп жүргөн деген айып тагылууда. Эгер бул айып сотто колдоо тапса 54 жаштагы Хантер Байден 25 жылга чейин камалып, 750 миң доллардай айыппул төлөөгө милдеттүү болот. Ишти карап жаткан Делавэр штатынын округдук сотунун судьясы Мэриэллен Норейка өкүм чыгарууга 120 күндөй убакыт талап кылынарын айтканын CNN жазды.

АКШда кармалган тажикстандык сегиз киши террорчулукка шектелүүдө

Тажикстандык сегиз киши «Ислам мамлекети» террордук тобу менен байланышы бар деп шектелип жатат. Алардын алтоондо Орусиянын жарандыгы бар экенин New York Post жазды. Кармалгандар АКШнын иммиграция мыйзамдарын бузууга шектелип жатканы, баары түштүк чек ара аркылуу киргени, кеминде экөөнүн АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөнүнө бир жылдан ашканы, «Ислам мамлекети» тобуна байланыш боюнча айып аларга расмий түрдө тагыла электиги маалымдалды. NBC жазгандай, ФБР аталган топко бир нече айдан бери байкоо жүргүзүп келген. Тыңшоо учурунда алардын бири бомба тууралуу айтып жатканы аныкталган. NYPнын маалымат булагы билдиргендей, кеп 2013-жылдагы Бостон марафонундагы жарылуудай же «андан да кооптуу» террордук акт даярдалып жатканы тууралуу болушу ыктымал. 2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурундагы чабуул үч кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган.

Кыргызстан дүйнө чемпионатынын кийинки туруна өттү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыгып, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан. 2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG