Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Орусияда камактагы оппозиционер саясатчы Яшин айырбаштоо сунушунан баш тартарын айтты


Илья Яшин колонияда.
Илья Яшин колонияда.

Орусияда түрмөдө отурган оппозиционер Илья Яшин эгер аны Батыш өлкөлөрүндө камакта кармалып турган орусиялыктардын бирине айырбаштоо сунушу түшө турган болсо андан баш тартарын "Дождь" телеканалына курган интервьюсунда билдирди.

Саясатчы бул эмиграция дегенди туюндурарын, андайга макул эместигин айтты:

"Мен Орусияда согушка жана диктатурага каршы орусиялык добуш болуш үчүн калгам. Анан, албетте, өлкөмдүн жана элимдин тагдырын тең бөлүшүү мен үчүн маанилүү. Орусиялык саясатчы Орусиянын жакшылыгында да, жаманчылыгында да аны менен бирге болушу керек деп эсептейм", - деди Яшин.

Саясатчы Смоленск облусундагы колонияда отурат. Ал орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин 8,5 жылга эркинен ажыратылган, азыр ал шарты катаал колонияда камакта отурат. Яшинге “фейк маалымат тараткан” деген айып тагылган. Смоленскидеги колонияга былтыр ноябрда которулган. Ал жактан майда "эреже бузуулар" үчүн абактагы жазалоочу жайга бир нече жолу отургузулган, шарты каттал камерага которулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG