Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Кемпир-Абад иши: Жарыш сөз шектүүлөргө толук берилген жок


Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

12-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан отурумда шектүүлөрдүн жетөөнө гана жарыш сөз берилди.

Судья отурум аягында жарыш сөз бүткөнүн, 13-июнда акыркы сөз берилерин жарыялады. Буга айып тагылгандар нааразы болушканын укук коргочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.

Жарыш сөз айыпталуучулардын жетөөнө гана берилгенин, судья 13-июнда акыркы сөз башталарын айтканын "Азаттыкка" Клара Сооронкулованын жана Айбек Бузурманкуловдун адвокаты Акынбек Ногоев айтты.

Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин өкүм чыгат. Ал кайсы күнгө туш келери белгисиз.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчылардын жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылууну сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов. Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

11-июндагы сот жараянында Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөнү маалым болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG