Электр чыгырыгы менен эреже бузгандарга айып салынат

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар үчүн коюлган белги.

Кыргызстанда электр чыгырыгы (электросамокат) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом, мас болуп айдагандарга 3000 сом айып пул салынат.

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун 12-июнда басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган.

“Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө” жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сунуштаган. Ага ылайык, “жеке мобилдүүлүк каражаты” деген термин кошулуп, ага электр чыгырыктары, электроскейтборддор, гироскутерлер киргизилди.

Соңку эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйүүдө. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонуна жүктөлгөн атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө жүргүнчүлөрдү же бири-бирин сүзүп, кырсыкка кабылгандар көбөйгөнүнө арызданып келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Столтенберг Венгрия НАТОнун Украинага жардамына каршы болбой турганын айттыЖК кыргыз тилин билгендерди гана сот кылып дайындоо документин 1-окууда колдодуБишкекте Курман айт күнү коомдук транспортто жүрүү акысыз болотМинистр Ниязбеков жол кырсыктары азайбай жатканын белгиледиБлинкен ХАМАС "үмүттөндүрүүчү белги" бергенин билдирдиЖК Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду