Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Бишкекте Курман айт күнү коомдук транспортто жүрүү акысыз болот


Бишкектеги автобуста. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги автобуста. Иллюстрациялык сүрөт.

16-июнь - Курман айт күнү саат 5:30дан 11:00ге чейинки убакта коомдук транспорттун жол киреси бекер болот. Бул убакытта бардык жүргүнчүлөр автобус, троллейбус жана кичи автобустарда акысыз жүрө алат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

Калаа башчылыгы мындай саамалык жол тыгындарын азайтуу жана мечитке намазга баруучулар тоскоолдуксуз жетип алуусуна шарт түзүү максатында болуп жатканын белгиледи.

Быйыл Курман айт 16-июнга белгиленген. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы коопсуздуктан улам Айт намазы мурдагыдай шаар, облустардын борбордук аянттарында эмес, мечиттерде гана окуларын эскерткен.

Орозо айт намазы да 10-апрелде мечиттерде окулган.

Учурда Бишкектеги автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом. Менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG