Жогорку Кеңеш 12-июндагы жыйынында Кыргызстандын сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдарга мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Документтин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев судьялык кызматка талапкер кыргыз тилин сөзсүз билиши керектигин, себеби ушул тапта орус тилинде жүргүзгөн маалда доогер же жоопкер адамдар аны түшүнбөй кыйналган учурлар бар экенин айтты. Депутат мыйзам долбоору кабыл алынса соттук отурумдарды орус тилинде да өткөрө берсе болорун, судья мамлекеттик тилди билиши керек деген талап азыр иштеп жаткан сотторго жайылтылбай турганын кошумчалады.
“Кыргызстанда соттор ротация болуп шаарда иштеген судьялар район, облустарга барып иштеп жатышат. Орус тилинде сүйлөгөн судьялар жергиликтүү тургундарды расмий тилде сүйлө дешет экен. Расмий тилде билбегендерге котормочу жалдаш керек болуп жатат”, - деди ал.
Мыйзам долбоорунда мындан сырткары жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлɵрү деп мыйзамдуу тартипте таанылган же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор болсо аларды кызматка албоо сунушталды.
Документ “Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү карайт.
Иштеп жаткан мыйзамда соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттуулугу барлар, жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар, укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан наамын булгап бошотулгандар, түрдүү иштер үчүн адвокаттык лицензиясынан ажыратылгандар, кылмыш жасады деп шек саналгандар же айыпталгандар жана чет мамлекеттин жарандыгы барлар судья боло албайт.
2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (BTo)