Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Столтенберг Венгрия НАТОнун Украинага жардамына каршы болбой турганын айтты


Йенс Столтенберг жана Виктор Орбан (оңдо).
Йенс Столтенберг жана Виктор Орбан (оңдо).

Венгрия НАТОнун Украина боюнча чечимдерине каршы чыкпайт, ошол эле учурда альянстын Киевге Орусия менен кармашы үчүн көрсөтүп жаткан жардамына да катышпайт. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

НАТОнун украиналык аскерлерге берилип жаткан жардамдагы ролун жогорулатуу максатында июлда Вашингтондо өтүүчү саммитин утурлай Столтенберг уюмга мүчө өлкөлөрдү кыдырып, колдоо издөөдө.

Будапештте Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал Вашингтондо Украинаны узак мөөнөттүү каржылоо, аны көзөмөлдөө боюнча чечимдер кабыл алынарын, Венгриянын бул ишке катышпоо позициясына каршы эмес экенин айтты.

Өз кезегинде, Орбан НАТОнун Украина боюнча чечимдери Венгриянын көз карашынан айырмаланып турарын, бирок альянстын башка мүчөлөрүндө колдоого ээ экенин, бут тосуу болбой турганын белгиледи:

«Бүгүн биз Венгрия украин-орус согушундагы аракеттерге катышпай турганына, акчабызды да, адамдарыбызды ды жөнөтпөшүбүзгө, Венгрия аймагы кайсы бир кийлигишүү үчүн колдонулбай турганына кепилдик алдык».

2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан бери Орбандын Кремль менен мамилесин бекемдеши, Европа Биримдигинин Москвага каршы санкцияларына, Украинага курал-жарак жөнөтүүгө кошулбай койгону Брюсселдин нааразылыгын жараткан.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын агрессиясына кабылган жылы Батыш өлкөлөрүнөн бул альянска тездетилген шартта кабыл алууну өтүнгөн. НАТОго кириш үчүн анын бардык мүчөлөрүнүн макулдугу (азыркы тапта 32 өлкө) талап кылынат, бүгүнкү күндө алардын 23үнүн расмий колдоосу бар. Бирок НАТОго мүчөлүктүн шарты боюнча, талапкер өлкө согуш абалында болбошу керек. Украин бийлиги, ошондуктан, согуш аяктагандан кийин кыска аралыкта кабыл алынарына үмүттөнүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG