Министр Ниязбеков жол кырсыктары азайбай жатканын белгиледи

Уланбек Ниязбеков

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Кыргызстанда жол кырсыктары азайбай жатканын белгилеп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) ишин сынга алды. 12-июндагы кеңешмеде министр айдоочуларга алдын алуу иштери начар жүргүзүлүп жатканы - элдин өмүрүнө коркунуч жаратуучу негизги себеп экенин билдирди.

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо үчүн ички иштер органдарынын жана ЖКККБнын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде, айдоочулар менен жөө жүрүүчүлөргө жол кырсыктарынын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жол кыймылынын коопсуздугуна жооптуу кызматкерлердин ишине көзөмөл жүргүзүп, алардын күнүмдүк ишине баа берүү, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен чогуу атайын акцияларды жана иш-чараларды өткөрүү сыяктуу тапшырмалар бар.

ИИМдин маалыматында, былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 13,5% көп.

ЖКККББ жол кырсыгына негизинен ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалда автоунаа айдоо себеп экенин белгилеп келет.(ZKo)

Дагы караңыз

ЖК Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдодуОрусия Киевге абадан жапырт чабуул жасадыБерлин конференциясы: Зеленский миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн айттыАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКыргызстанда журналисттерге ыйгарылчу “Мейкин” сыйлыгы уюштурулдуБлинкен ХАМАС "үмүттөндүрүүчү белги" бергенин билдирди