Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Орусия Киевге абадан жапырт чабуул жасады


Украина.
Украина.

Орусия 12-июнга караган түнү Украинанын борбору Киевге куралдын бир нече түрүнөн сокку урганын шаардын аскердик администрациясы билдирди.

Администрация башчысы Сергей Попконун айтымында, Х-101/Х-555/Х-55 канаттуу ракеталары түштүк жактан бир нече толкун болуп согулду. Түштүк тараптан ошол эле учурда Киевге ракеталардан тышкары согуштук дрондор учурулду.

"Баштапкы маалымат боюнча, душман борбор калаага баллистика менен да чабуул койду", - деп кошумчалады Попко.

Украин аскерлери бардык соккулардын мизи кайтарылганын маалымдашты.

Өлкөнүн улуттук полициясы ракета жана дрон чабуулунан Киевде кеминде бир киши жараат алганын, атып түшүрүлгөн ракеталардын биринин сыныгы тийген ишканада өрт чыкканын кабарлады.

Жалпысынан соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан Украинанын төрт облусунда он чакты киши жараат алганын, ондогон үй-жайлар талкаланганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирүүдө. Харьковдо эки, Донецкиде бир, Херсондо үч, Днепропетровдо бир киши жабыркады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещуктун билдиришинче, өлкөнүн абадан коргонуу системалары Орусиянын 30 аба чабуулунун 29ун, анын ичинде "Кинжал" ракетасын, канаттуу ракеталардын жана учкучсуз учактардын баарын токтотуп калышты.

Олещук абадан коргонуу системасы Киев, Днепропетров, Запорожье, Полтава, Харьков, Винница облустарынын аймагында иштегенин кошумчалады.

The New York Times гезити АКШ Украинага Patriot абадан коргонуу комплексинен дагы бирди жакын арада жөнөткөнү жатканын шаршемби күнү жазды. Басылма өз булактарына таянып жазгандай, мындай чечимге президент Жо Байден өткөн аптада кол койгон.

Шейшемби күнү Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда Дания, Нидерланд жана Норвегия менен биргелешкен демилге алкагында немис өлкөсү Украинага Patriot системалары үчүн кошумча 100 тосмо ракетасын өткөрүп берип жатканын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG