Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


12-13-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кага айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG