Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салды

Самсак Станалиев.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам 12-июнда дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Самсак Станалиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы “Нарынгидроэнергокурулуш” башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп эмгектенген. 1971–1972-жылдары Токтогул райондук “Учкун” гезитинде адабий кызматкер, 1978–1980-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде иштеген.

Самсак Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулган. Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомоктурун кыргыз тилине которгон.

Жазуучунун “Чагылгандын көз жашы” жана “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте экинчи бейтаптын да боорун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болгону айтылдыБаткенде эки жашар кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалдыАскат Жетигендин сотунда лингвист эксперттер суракка алындыФутбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки туруна өттүТүркмөнстанда төрт жылга кесилген журналист эркиндикке чыкты11-июнь: ЖК комитети талаштуу долбоорду колдоду, Арменияда оппозиция акциясын улантууда