Баткенде эки жашар кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалды

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Баткенде эки жашар кызды сабаган деген шек менен кыздын өгөй атасы кармалганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 7-июнда эки жашар кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факты ошол эле күнү Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Кыздын таенеси арыз жазып, Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Расмий маалымат боюнча, ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда балдарга каршы 52 зордук-зомбулук фактысы катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (BTo)

Дагы караңыз

Аскат Жетигендин сотунда лингвист эксперттер суракка алындыФутбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки туруна өттүАКШ: Кыргызстандын жана дагы беш өлкөнүн мыйзамсыз мигранттары дароо депортацияланатСот арачылары Хантер Байденди айыптуу деп табышты11-июнь: ЖК комитети талаштуу долбоорду колдоду, Арменияда оппозиция акциясын улантууда