Парламент комитети электрондук тамекини тыюу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети 11-июнда тамеки түтүнүнүн зыянынан коргоо максатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда карап, жактырды. Документке ылайык, өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салынат.

Мыйзам долбоорунун автору Шаирбек Ташиев элдин саламаттыгы электрондук чылым сатуудан түшкөн салык, бажы жана башка кирешеден жогору турарын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, мыйзам долбоору кабыл алынып, күчүнө кирсе электрондук тамеки саткан ишкерлерге аны сатып түгөтүүгө үч ай убакыт берилет.

Депутат Дастан Бекешев сатууга тыюу салуу - чылымды аткезчилик менен ташууга жол ачарын эскертип, бул боюнча Түркмөнстадагы жана Казакстандагы акыбалды мисалга тартты. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып билдиргенине караганда, былтыр электрондук тамеки сатуудан 345 млн сом салык түшкөн. Быйылкы беш айда 36 млн сом салык төлөнгөн.

Кыргызстанда электрондук чылымга тыюу салуу сунушу быйыл февралда коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу бар. (ZKo)

Дагы караңыз

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча донордук комитет түзүлдүАрменияда оппозиция акциясы уланууда Жалал-Абадда 26 миң гектардан ашуун аянтты чегиртке каптадыЛейлекте өспүрүм кыздарга жана аялдарга диний сабак берген мекеменин иши токтотулдуУкраина Крымда Орусиянын бир нече зениттик системасы жок кылынганын билдирди