Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Украина Крымда Орусиянын бир нече зениттик системасы жок кылынганын билдирди


Крым. С-400 «Триумф» зениттик-ракеталык комплекси.
Крым. С-400 «Триумф» зениттик-ракеталык комплекси.

Украина Орусия оккупациялап алган Крымда орус армиясынын зениттик-ракеталык системаларынын үчөөнү бутага алып, жок кылганын билдирди. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 10-июнда таратты.

Мекеменин маалыматына караганда, Крымдын түндүк аймагында жайгашкан Жанкой шаарынын жанында С-400 зениттик-ракеталык дивизионунан бирөө, Кара деңиз жана Евпатория аймагында С-300 зениттик-ракеталык дивизионунан экөө талкаланды жана «С-300/С-400 комплексинин радарларынын бара-бара өчүп баратканы катталды».

Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча расмий маалымат берген жок, бирок «Свобода» радиосу Planet Labs спутник сүрөттөрүн карап чыгып жазганына караганда, Жанкойдо темир жол тилкесинин жанында ири өрт чыкканын көрүүгө болот.

Орусиялык Telegram-каналдар орус аскерлери Крымда кеминде төрт баллистикалык ракетаны атып түшүргөнүн жазышты, бирок Украина бир да ракетасы кармалбаганын айтууда.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Украин бийлиги Орусиянын агрессиясын токтотуунун негизги жолу украин аймагына каршы колдонуп жаткан курал-жарагын Орусиянын өзүнүн аймагынан жок кылуу экенин айтып келет. Батыш Украинага берген курал-жарак менен Орусиянын аймагын бутага алууга уруксатын жакында гана берди. Москва жооп болорун эскертти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG