Милиционер “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп кеткен деген шек менен кармалды

“Тазалыктын” кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы борбор калаанын Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп качып кеткен деген шек менен милиция кызматкери кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 32 жаштагы шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди. Ал кырсык болгон тапта эмгек өргүүдө жүргөнү такталган. Автоунаасы айып короого токтотулду.

8-июнда Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тазалыктын” кызматкерин белгисиз адам машина менен сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Бишкекте буга чейин да “Тазалыктын” кызматкерлерин жумуш учурунда машина сүзүп кеткен бир нече окуялар болгон. Айрымдары алган жаракатынан көз жумган. Ушундан улам алардын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

12 жылдык окууга бала бакчадагы даярдоо да кире турганы айтылдыISW: Орусия өзүн Украинанын соккуларынан коопсуз сезген аймагы 16% гана кыскардыМиң-Кушта “Росатомдун” машинасы кабылган кырсыкты комиссия иликтейт Медицина кызматкерлерине кол салгандар жазаланатПрокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдү 20 жылдан кесүүнү сурадыОшто Июнь окуясы “Энелердин көз жашы” комплексинде эскерилдиКазакстанда сот кыргыз жаранын Орусиянын өтүнүчү менен камаганы кабарланды