Миң-Кушта “Росатомдун” машинасы кабылган кырсыкты комиссия иликтейт

Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жумгал районунун Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кабылган кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түздү.

Маалыматты “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматы ырастап, комиссия тууралуу кийинчерээк кенен маалымат берилерин кабарлады.

Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Дагы караңыз

Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдү 20 жылдан кесүүнү сурадыОшто Июнь окуясы “Энелердин көз жашы” комплексинде эскерилдиКазакстанда сот кыргыз жаранын Орусиянын өтүнүчү менен камаганы кабарландыЫсык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулдуЭки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайдыЕвропарламентке шайлоо өттү, Францияда президент Макрон парламентти таркатты Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жабылды