Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жабылды

Ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган мечиттердин бири. Ош облусу. 8-август, 2023. Сүрөттөр УКМКга таандык. Бул жаңылыкка тиешес жок.

Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, медреселерде жашы жете элек балдарга өз алдынча диний билим берилип келген жана тергөөдө медреселердин мамлекеттик мекемелерден эч кандай тиешелүү уруксат кагаздарды албаганы такталган. Диний билим берүү жайларында үч миң сомдон акы төлөп 40тан ашуун студент окуп жаткан.

Бул фактылар Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Медреселерде окуп жаткан жашы жете элек балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террордук деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. (BTo)

Дагы караңыз

Эки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайдыЖК комитети Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты Президент Июнь окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасадыЕвропарламентке шайлоо өттү, Францияда президент Макрон парламентти таркатты Сауд Аравиясы каттоодон өтпөгөн 300 миңден ашуун зыяратчыны Меккеден чыгардыWSJ: ХАМАС макулдашууга көнбөсө Катар уюмдун лидерлерин өлкөдөн чыгарат