Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:42

WSJ: ХАМАС макулдашууга көнбөсө Катар уюмдун лидерлерин өлкөдөн чыгарат


Газанын Нусейрат шаарында талкаланган үйдөгү балдар, 9-июнь, 2024-жыл
Газанын Нусейрат шаарында талкаланган үйдөгү балдар, 9-июнь, 2024-жыл

Египет жана Катар ХАМАС (Евробиримдикте жана АКШда террордук деп таанылган) Израил менен макулдашууга жетишпесе, радикал топтун Дохада баш калкалап жүргөн лидерлерин өлкөдөн чыгарарын айтып коркутту.

Газада тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келаткан ортомчулардын мындай басымы Ак үйдүн көрсөтмөсү менен болуп жатканын The Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды. Алардын маалыматы боюнча ХАМАСтын лидерлери өлкөдөн гана чыгарылып тим болбостон камакка алынып, санкцияларга кабылышы мүмкүн.

Басылма жазгандай ХАМАСтын лидерлери, тескерисинче, алардын шартына туура келмейинче макулдашууга барбай турганын билдирди.

Палестиндердин өкүлү Исмаил Хания өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден жарыялаган сунуштар Газада "согушту аяктоого кепилдик бербегендиктен" ХАМАС аны кабыл ала албастыгын айткан.

Вашингтон ХАМАСка берилген сунуштарга расмий жооп ала электигин ырастады.

Байдендин демилгеси оболу алты аптага ок атууну токтотуп, барымтадагыларды толук бошотуп, Газанын бардык жеринен израил аскерлерин чыгарып кетүүнү жана палестиндердин үй-жайына кайтып келип, тилкени калыбына келтирүүсүн камтыйт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ок атууну 42 күнгө токтотуп, андан кийин ХАМАС тобунун калган мүчөлөрүн жок кылуу операциясы улантыларын билдирген.

8-июня ЦАХАЛ Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат шаарында атайын операция жүргүзүп, төрт кишини барымтадан бошотконун билдирди. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси атайын операцияда 300дөн ашуун кишинин каны төгүлгөнүн жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG