Президент Июнь окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Июнь окуясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасап, Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө үчүн “Кыргыз жараны” концепциясы ишке ашырылганын билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 10-июнда тараткан кайрылууда өлкөдөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Конституцияга жана башка укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетте ынтымак, биримдик жана өнүгүү болору айтылат.

“Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын ата мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл”, - деп айтылат кайрылууда.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. (BTo)

Дагы караңыз

Европарламентке шайлоо өттү, Францияда президент Макрон парламентти таркатты Сауд Аравиясы каттоодон өтпөгөн 300 миңден ашуун зыяратчыны Меккеден чыгардыИзраил армиясы Газа тилкесинде төрт кишини барымтадан бошоттуАкылбек Жапаров Венадагы форумда Камбар-Ата-1 жөнүндө айтып беретҮч округ боюнча парламентке 29 талапкер ат салышат