Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Үч округ боюнча парламентке 29 талапкер ат салышат 


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-июнда кабарлады.

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аялдар. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тартты. Эки талапкерди БШК каттаган эмес. Үч округ боюнча парламентке талапкерлердин тизмесин бул жактан окуңуз.

10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат, 29-июнь, таңкы саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо 30-июнда өтөт.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Муртазалиев БШКнын чечимине каршы сотко даттанган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG