Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Акылбек Жапаров Венадагы форумда Камбар-Ата-1 жөнүндө айтып берет


“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.
“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Австриянын Вена шаарында өтө турган энергетикалык инвестиция боюнча эл аралык форумда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоору жөнүндө айтып берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Форум Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Австрия өкмөтү тарабынан уюштурулуп жатат. Иш-чарага каржы уюмдары жана Борбор Азия, Европа өлкөлөрүнөн банктар, инвесторлор жана энергетика тармагындагы компаниялар катышат.

Акылбек Жапаров апрель айында Вашингтондогу сапары маалында Кыргызстан июнь айында Венада эл аралык өнөктөштөрдүн жана каржы институттарынын катышуусунда инвестициялык форум өткөрүүнү пландап жатканын айтып, финансылык уюмдарды ага катышууга чакырган.

Буга чейин ал Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга баш-аягы 500 млн доллар насыя бөлүүнү убада кылганын айткан.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча 2022-жылы баштаган. Президент Садыр Жапаров станциянын курулушун ошол жылдын 8-июнунда баштап берген.

2023-жылдын январь айында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу куруу боюнча жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон.

Биргелешкен ишкана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Бул жагдайга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, башкаруу Кыргызстанда калышы керек дегендер болгон.

Баштапкы маалыматтарда ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG