Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Израил армиясы Газа тилкесинде төрт кишини барымтадан бошотту


Газада барымтадан бошотулган Андрей Козлов жакындары менен телефондон сүйлөшүп жатат, 8-июнь, 2024-жыл
Газада барымтадан бошотулган Андрей Козлов жакындары менен телефондон сүйлөшүп жатат, 8-июнь, 2024-жыл

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газанын борбордук бөлүгүндө атайын операция маалында төрт кишини барымтадан бошотконун ишембиде билдирди. Алар - былтыр 7-октябрда ХАМАС (Евробиримдикте жана АКШда террордук деп таанылган) радикал тобу Израилдин аймагынан уурдап кетип, сегиз айдан бери барымтада отургандар.

Барымтадан бошотулгандар: 25 жаштагы Ноа Аргамани, 21 жаштагы Альмог Меир-Ян, 40 жаштагы Шломи Зив жана 27 жаштагы Андрей Козлов. Козлов - Орусиянын жана Израилдин жараны. Алардын абалы “жакшы” деп айтылып, медициналык кароого ооруканага жиберилди.

Израилдин медиасы Арагамани туткундан бошонуп келгенден кийин атасы менен жолуккан видеону жарыялады.

Андрей Козлов каргашалуу окуя болгон күнү музыкалык фестивал өткөн жерде кароолчу болуп кезметте турган. 2022-жылы Орусияда аскерге мобилизация жарыяланган соң Израилге чыгып кеткен.

7-октябрдагы ХАМАСтын кандуу кол салуусунан кийин аны туугандары эки апта издешкен. 26-октябрда гана Израил бийлиги ал ХАМАСТын барымтасында экенин ырастаган. Ошондон бери кабары жок болчу.

Шломи Зив дагы музыкалык фестивалда кароолчу болуп турганда барымтага түшкөн.

ЦАХАЛ барымтадагылар Нусейрат шаарында эки үйдө кармалып турганын билдирди. Газанын саламаттык сактоо мекемеси бул жердегы аскердик операцияда 50дөн ашуун киши набыт болгонун билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

31-майда АКШ президенти Жо Байден согушту алты аптага токтотуу планын сунуш кылган. Ага ылайык Израил Газадагы аскерлерин чыгарып кетиши керек болот.

3-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ок атууну барымтадагылар толук бошотулса 42 күнгө токтотууга макул болорун айтты.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, ХАМАСтын колунда барымтада тургандардын 80и тирүү, 43ү каза болгон.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан качып, сектордун улам бир аймагына барып баш калкалоого мажбур болууда.

2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуудан кийин Израил Газа тилкесинде ХАМАСка каршы согуш жарыялаган. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 адамды барымтага алып кеткен. Кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG