Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу 31-майдын таңында Ош эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.
Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, муфтий Абдулазиз Закиров баштаган дин башкармалыктын кызматкерлери, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана башка дин ишмерлери катышты.
Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 (үч миң жети жүз элүү) АКШ доллар деп бекиген.
2023-жылы кыргызстандыктар үчүн 6110 кишилик квота берилип, ажылык зыяраттын акысы 3900 доллар болгон.
Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат. (ErN)
Дагы караңыз
Бишкек ЖЭБи жана шаардагы түтүктөр оңдоодон өтүп, ысык суу берүүгө даяр болдуМуниципалдык инспекция таштандыларды чыгаруу эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып пул салдыҮч округ боюнча парламент депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктадыСловения өкмөтү Палестинанын эгемендигин тааный турганын жарыя кылдыӨзбекстанда эки миң жыл мурдагы шаардын орду табылды